www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Соттун чечимисиз, тергөөнүн жыйынтыгысыз тигил же бул ишке чет мамлекеттердин комментарий берүүгө акысы жок". Мындай пикирин журналист Элнура Алканова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Алканова бул билдирүүнү АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши тууралуу комментарий бергендигине байланыштуу жазган. Элчиликтин комментарийи мекеменин социалдык тармактардын бириндеги баракчасында жазылган.
"АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт", - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Элнура Алканова бул комментарийди Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү, тергөөгө басым жасоо деп сыпаттаган.
"Кыргыздын өтө чоң кызмат ордун ээлебеген, мурдагы аткаминери АКШнын саясий кызыкчылыгынын объектиси болот деп эч качан ойлогон эмесмин. АКШ элчилигинин бул билдирүүсү Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгүнө кол салуу, ички иштерге кийлигишүү жана тергөөгө басым жасоо болуп эсептелет.
АКШ 1 жарым жылдан бери Матраимовго каршы иликтөөлөрдүн баарын каржылап келгени аз келгенсип, эми УКМКга басым жасап жатат", - деп жазды Алканова.
Эске салсак, 2015-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Кыргыз өлкөсүндө өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгынын тапшырылуусу коомчулуктун талкуусуна кабылган. Буга жооп кылып, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу токтомуна кол койгон.
Булак: NazarNews.kg