www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын берет

Бүгүн, 11-мартта коронавирусту алдын алуу максатында жеке сактануучу каражаттарды, Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылып берилет. Келип түшкөн каржаттарды туура колдонуу эрежелерин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери тааныштыраары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банк коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам бериш үчүн атайын фонд түзүлүп жатканын, арасында Кыргызстан да бар экенин маалымдаган.

Ал эми, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Илдеттин өлкөдө жайылуусунун алдын алуу үчүн чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эпидемиологиялык абалы курч өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандар өлкөнүн аймагына киргизилбейт. Ал эми жергиликтүү жарандар эки жумалык карантинге алынып, үйлөрүнө чыгарылууда.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости