www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Кытайдын алдыдагы пландары кандай?

АКШ менен Кытайдын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу кийинки аптага - 18-мартка белгиленди.

Аляскада өтө турган ал жыйынга Кошмо Штаттар тараптан Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, президент Джо Байдендин Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, ал эми Кытай тараптан Тышкы иштер министри Ван И, ушул эле мекеменин жогорку өкүлү Янг Жичи катышат.

Бул тууралуу 10-мартта АКШнын Ак үйү билдирди. Сүйлөшүүлөрдө бир топ олуттуу маселелер талкууланмакчы. Ошол эле маалда Жо Байдендин администрациясы Бээжинге карата катаң саясатты уланта берет деп күтүлүүдө.

Эки державанын мамилелери - мамлекеттер ортосундагы соода талаштары, Гонконгдогу демократиялык кыймылды басуу, Вашингтон геноцид деп атаган Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоо, Тайванга жакын жерде аскердик машыгуу өткөрүү өңдүү Кытайдын аракеттеринен улам начарлаган.

Муну менен бирге АКШ Кытай менен бир катар эл аралык маселелерде – Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу, Мьянмадагы аскердик хунтага каршы туруу, климаттагы өзгөрүүлөр жаатында кызматташууну көздөйт.

Аляскадагы сүйлөшүүлөр АКШга Джо Байден президент болуп шайлангандан кийинки эки мамлекеттин ортосундагы бийик деңгээлдеги биринчи кездешүү болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости