www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күмшекер менен майдын эмнеге кымбаттаганы айтылды

Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын кымбатташына түшүмдүүлүктүн төмөндөшү себеп болгон. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кумшекер

2020-жылы кант кызылчасын айдоо жеринин аянты 8,4 миң гектарды түзгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу алты миң гектарга аз. Жалпысынан, 448,8 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, тушүмдүүлүк гектарынан 533,9 центнерди түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырганда 292,4 миң тоннага төмөн.

«Кант кызылчасынын айдоо аянтынын кыскарып кетишине «Кайыңды Кант» жана «Кошой» ишканалары аталган азыкка болгон бааны арзандатып коюшканы себеп болгон. Мындан тышкары, кумшекер чыгаруучу заводдордун келишимди бузуусу жана аба ырайындагы өзгөрүүлөр да таасир эткен», - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында заводдор былтыр 56,6 миң тонна кумшекер өндүргөн. 2020-жылы 17,1 тонна кумшекер сырттан сатып алынган.

Өсүмдүк майы

2020-жылы май алынуучу өсүмдүктөр 19,6 миң гектар аянтка себилген. Бул 2019-жылга салыштырганда 6,4 миң гектарга аз болгон. Андан 23,9 миң тонна түшүм жыйналган. Деген менен ал 2019-жылга караганда 7,3 тоннага төмен.

«Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин сырттан арзан өсүмдүк май азыктары алына баштады. Ошондуктан, май алынуучу өсүмдүктөрдүн айдоо аянты жыл сайын кыскарып жатат. Мындан тышкары, өлкөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын баасы жогору жана ага кеткен чыгымдын көп болгону дабуга бир себеп», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Азия News гезити

Последние новости