www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Орусия камактагыларды алмашат

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова RTVI телеканалына курган маегинде, Москва менен Вашингтон камактагыларды алмашуу маселесин карап баштаганын билдирди.

Владимир Путин Женевада Джо Байден менен жолуккандан кийин маалымат жыйында тараптар АКШда камалган орусиялыктар менен Орусияда жазасын өтөп жаткан америкалыктарды алмашуу боюнча мунасага келгенин айткан болчу.

Захарова RTVI телеканалына камактагыларды алмашуу маселесинде бир топ жагдайлар болгондуктан ал коомдук талкууда болбошу керектигин белгиледи.

АКШ президенти Джо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путин 16-июнда Женевадагы La Grange хан сарайында жолуккан. Бул Байдендин президент катары Путин менен алгачкы жолугушуусу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости