www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиевге... Эгер Чыңгыз Айтматов тирүү болсо...

Кудайдан коркуп, арбакты сыйласаң тилегиң кабыл болот дешкен ата-бабалар.

- Ээй, «Бөкөл башчылар», чабармандар, жер тыңшаар Мамыттар, билермандар!

- Чыңгыз Айтматов азыр кайда? Парижде, Берлинде, Лондондо, Делиде! Азыр Көкө-Теңирде!

- Бали, туура айттың, Бурадар. Ошол жердеги эл кадыр, сый тутушкан Чыңгыз Айтматовду. Көзү өтүп кетсе да, алар кадырлашат, кастарлашат.

- А биздечи? Бизде борбордо окшошпу же окшош эмесби эстелик тургуздук. Көчөгө атын ыйгардык. Чоң трибунага чыгып какалып-чакалып «Чыңгыз-Ордо» курабыз, Чыңгыз Айтматовду бүткүл дүйнө элине даңазалайбыз дедик мындан үч жыл мурда. Бул эмне сага сезилбей турабы, ыя...

- Мунуң туура дечи! Ооба, ошондой болгон, курулуп башталган. Анан токтогон. Токтогондо да, тык токтогон. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат түгөндү дешип. Аай, Кудай билет!? Кантип түгөнгөнүн. Ал жерде эки жылга жакындап калды, кыймыл да, сураган, текшерген бир да пенде жок, «ким билди, Быржыбайды» там басты болду... Сурамжылаган бир да «көр пенде» жок. 2023-жылы Чыңгыз Айтматов 95-жашка чыгат. Аттиң, дүйнө көзү тирүү болгондо, Корей, Кытай, Түрк, Япон, Немец жана башка элдерден достору келмек. Эми мына ойлогондор көрүнбөйт. Даңазаланган «Чыңгыз-Ордо» дым-дым! «Түбүң түшкөн дүйнө» деген кайгы коштогон сөз, ошондон улам айтылат да!

- Ээй «Бөкөлбашчылар» жок дегенде ат тизгинин буруп койсоңор боло же силер эмне «түркүк» болосуңарбы? Чыңгыз Айтматовго о дүйнөдө отчёт берериңерди унутпагыла. Бул дүйнөдө элге берээр отчётуңар бар...

– Уялат экенсиң. Чет элдерге убада берип, анан унутуп калгандарга... Учурда сынакта турат кыргыз эли. Улуу адамына кандай мамиле жасаганы. Ойгонгула, «уйкучулдар» Уят болот!

Турдумамбетов Койбагар, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости