www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди "Сүрөткө түшкөнү келдиң беле? Эмне бул? Этика деген барбы?" деп урушуп жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жаратты.

Бул боюнча министр төмөнкүлөрдү билдирди.

"Нарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачып, дарыгерлер менен сүрөткө түшүп жатсам "эмне силер сүрөткө түшкөнү келдиңерби?" деп ары жактан бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү келиптир. А эмне дарыгерлер менен сүрөткө түшсө болбойбу?", - деп билдирди Бейшеналиев.

Кечээ, 17-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. 70 орундуу имараттын курулуш иши зарылчылыктан улам 2020-жылы август айында башталып, 79 миллион 200 миң сомдун тегерегиндеги каражатка бүттү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости