www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Нетаньяхуну зекиди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхудан блокададагы Газа тилкесиндеги коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча сөздөрүн түшүндүрүүнү суранды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Израилдин мамлекеттик телеканалы КАНда жарыяланган темага байланыштуу кабарга караганда, Вашингтон башкаруусу Нетаньяхудан «Газа тилкесиндеги коопсуздук көзөмөлүн толук сактап калат» деген сөздөрү үчүн түшүндүрмө талап кылды.

Кабарда бул маселе боюнча Израилдин расмийлери менен байланыш түзүлүп, төмөнкү билдирүүлөр орун алды: «АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул аптада акыркы максатты жарыялады. Бул Хамасты жок кылуу. Андан соң Палестина башкаруусу Батыш Шериа менен бирге Газа тилкесин дагы башкарат. Ошондуктан Ак үй Нетаньяхунун билдирүүлөрүн түшүнгүсү келет».

Блинкен мурунку билдирүүлөрүндө «Израиль Газа тилкесин кайрадан басып албайт» деп айткан.

Кечээ Израилдин премьер-министри Нетаньяху коргоо министри Йоав Галлант менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп: «Мен Газа тилкесинде коопсуздукту көзөмөлдөөдөн баш тартууга макул эмесмин»,- деп айткан.

АКШ бул сөзү менен коркутканга өттүбү?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости