www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

О илгери партияга өтмөйүнчө ишиң жүрүшпөгөн заманда мурдагы корбашы партияга өтмөк болуп бюрого кириптир. Бюродон өтпөй кулап чыгат. Көрсө корбашы болгонсуңбу деп сурашса, ооба корбашы болгом деп жооп бериптир.

Достору кажып баштаптыр эмнеге корбашы болгонуңду жашырган жоксуң деп. Анда тиги киши мурдагы корбашынын башы өзү сурак кылып, төрдө отурса эмне кылам дейт имиш.

Ошол сыңары, азыр РМден жардам алдың сен деп ормон опуза кылгандар чыкты. Менден көп жардамды сен алдың эле го деген киши жок.

Энемдей болуп калган таежемдин көзү өтүп, кичи мекеним Кара-Сууга барып келдим. Биздин маалада дуу-дуу гап!..

Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов, Абдувахаб Боронбаев, Надира Нарматова, Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Марлен Маматалиев жана башкалардын мандаттары алынат экен деген жарымы төгүн, жарымы чын дуу-дуу кептер Кара-Сууну узун-туурасынан аралап турган чагы. Эгер ошондой болчу боло турган болсо, анда Ак Үй, Көк Үйдө иштеген жоон топ чиновниктерди да кызматтан кетирүүбүз керек болот. 2020-жылкы шайлоодо РМден жардам албаган партия калган эмес. Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевдин МК партиясынын съездине катышканын, партизмеге кирүү аракеттери болуп, бирок макулдаша албай калып, "Кыргызстан" партияга барышканын саясат огородунда жүргөндөр билет.

Азыр Ажого акылкошчу болуп, институт башкарып отурган жигит да РМдин эң жакын адамдарынын бири болгон.

Кеп болуп жаткан депутаттардын мандатын алуу, Хан Ордодогу мурун РМ менен иштешти делген чиновниктерди кызматтан кетирүү тополоң-тозго алып келери шексиз. Бир Ленин районунда шайлоо өткөрө албай эсибиз ооду го. Анын үстүнө Кара-Суу жактан гана эмес, Нарын, Көл жактан өтүп келген айрым депутаттар да РМден жардам алган дешет Жер Тыңшаар Маамыттар.

Чоң-Арык тарапта жашаган үлкөн кишилер да РМдин жардамынан куру кол калган эмес дешеттер.

Андан сырткары учурда Кыргызстанда ишке ашып жаткан мегадолбоорлорду да РМдин жакын өнөктөш адамдары ишке ашырып жатышат. Тойдум байдын кызынан деп алар кетсе фундаментке деп монтаждалган опалубкаларды кучактап кала беребизби.

Алар аз келгенсип, молдокелерибиз да РМден муфтияттын жаркыраган имаратын ичиндеги мебель, оргтехникасы менен кошо белекке алышкан. Байдын сыйын көрүп, казы-картага тайгаланышкан. Азыр сүкүт салып отурушкан убагы. Дуба кылып атабыз дешти. Кимге дуба кылып жатышкандарын бир эле Алла билбесе, биз биле албадык. Ак Үй жактан шамал соксо, Муфтийди, район имам-хатибдерин, РМден квартираларды белекке алышкан аалымдарды да кетирүү аракеттери башталат. Охо! Молдолордо интрига башталганда Ак Үй эс алат. Өткөнкү муфтий алмашуудагы ызы-чууну Аwам өзү аралашып атып араң басышкан.

РМден квартира белек алган мегажылдыз спортчуларыбыз Акжол баш болуп бадаркелерин ээсине кайтарсын деп талап кылалы.

РМ каражаты менен

Индиядан боор, бөйрөктөрүн алмаштырып келген ондогон мекендештерибиз донор органдарын кайра тапшырышсын.

"Все дороги ведут в Рим" деген сөз бар. Бизде болсо"Все дороги ведут в Раим"...

Кайсы бирин айтайын эми. Иши кылып, "Жетимге көк жөтөлдүн кереги не" дегендей, бала бакчалардын тамагына акча таппай жыртык чөнтөгүбүздү көрсөтүп турган чакта коомду ары-бери чайпоо канчалык туура, билбейм. Андан көрө парламентти таратып жиберген жакшы... Кышы менен жакшы эрмек болмок элге.

"Кимди шайлаба, баары бир ууру болот", - деп көзү азиз акын Темурлан Ормуков жазганы бар.

"Кыргызстанда аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт" - деп Чынгышев аксакал айтты эле... Азыркы уурулар СССРдин тарбиясын көрүп калган ыймандуу уурулар. "Аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабаган" муундардын балдарынын бийликке келишинен корком...

Нургазы Мусаев, эркин журналист

Последние новости