www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин коопсуздугун камсыздоо өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин жоопкерчилигинен алынышы мүмкүн. 

"Казакстан Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин", - деп айтылат азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгында.

Казакстан Республикасынын биринчи президентинин коопсуздугун Улуттук коопсуздук комитетинин жоопкерчилигинен алып салуу каралууда.

Казакстан Республикасынын 2023-жылдын 13-февралындагы “Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы жөнүндө” конституциялык Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” конституциялык Мыйзамы менен Казакстан “Кыргыз Республикасынын Биринчи Президенти жөнүндө” 2000-жылдын 28-июлундагы Мыйзамын күчүн жоготту деп тааныды.

Ошондой эле, өлкөдө Назарбаев жетектеген “Самрук-Казина” улуттук бакубат фондунун башкаруу кеңеши таркатылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Казакстан үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда кол коюлган “Мамлекеттик коопсуздук кызматы жөнүндө” жобонун жаңы редакциясын кабыл алган. Анын айтымында, Нурсултан Назарбаев коргоо укугун сактап калды.

Ошентип, Назарбаев өзү тандап бийликке алып келген Токаев менен бири-бирине болгон ишенимден кетти. Бул көрүнүштөн саясатта достук болбой турганын баамдасак болчудай. Нурсултан Назарбаевдин Батышты ыктаган мураскору дагы да болсо көп өнөрүн көрсөтчүдөй.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости