www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайды коронавирустун экинчи толкуну капташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын ооруларды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Энтони Фаучинин айтканына таянып жазып чыкты.

Анын билдиргенине таянсак, Кытай мурдагыдай жашоого кайтуу үчүн, болгон чектөөлөрдү ала турган болсо, оорунун экинчи толкуну капташы мүмкүн. Себеп дегенде, Кытай ушул тапта, коронавирусту ооздуктоо үчүн болгон күч аракетин жумшап, көпчүлүк өлкө менен каттамдарын токтоткон.

Мындан тышкары  Энтони Фаучинин, АКШда пандемия бир нече айга созуларын, бардыгы ооруну алдын алуу чараларынан көз каранды экендигин билдирген. "Коронавирус бир нече жумадан бир канча айга чейин созулушу ыктымал. Эгер динамикасын салыштыра турган болсок, Кытай менен Түштүк Кореяга көз чаптыралы. Кытайда ал жеткен чегине жетип, аз-аздан ылдыйлап жатат. Акыркы күндөрү илдет катталган учур мурдагыга салыштырмалуу кыйла эле төмөн", —деп билдирген ал.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган вирус 3 ай ичинде эле 100дөн ашык мамлекетке тарап кетти. Вирустан жалпы 169 385 адам жабыркаса, анын 77 257си сакайды. Ал эми өлгөндөрдүн саны 6 513кө жетти.

Булак: NazarNews.kg

  

 

Последние новости