www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын жай айларында Германияда Кыргызстандан келе жаткан оор жүк ташуучу унаа кармалып, андан 670 килограммдык баңги заты табылган. Баңги заттар кондитердик баштыкчаларга оролгон. Бул тууралуу маалыматты ИИМ маалымдайт.

Аталган унаа Польша менен Германиянын чек арасынан токтотулган. Анда бажы кызматкерлери рекорддук өлчөмдөгү нарко заттарды табышкан. Анын бардыгы “Рахат Лукум” аталышындагы кондитердик баштыкчаларга оролгон.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин Баңги затына каршы күрөшүү жана Тергөө кызматы иш алып барган. Маалым болгондой, трансулуттук кылмыштуу топко Кыргызстан, Түркия жана Нидерланды өлкөлөрүнүн жарандары кирген. Алар Ирандан Орто Азия мамлекеттери аркылуу Европага баңги затын жеткирүү боюнча туруктуу транзит жолун негиздешкен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө эки кыргызстандык жаран колго түшүп, бир жаран мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Андан сырткары, укук коргоо органдары аталган кылмыштуу топтун лидери түркиялык жаран экендигин аныкташып, 2-март күнү ал Түркияда дагы эки адам менен колго түшкөндүгү белгилүү болгон. Ошол эле учурда Нидерландыда дагы бул баңгитобунун активдүү мүчөлөрү кармалышкандыгы маалымдалды. Тергөө амалдары уланууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости