www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Ооганстанда террор уюму ДЕАШка каршы «ядролук эмес эң чоң бомба» катары билинген GBU-43  бомбасын атканын жарыялады.

Америка армиясынын Ооганстан ок-дары сактоочу жайында орун алган GBU-43/В бомбасы «бардык бомбалардын энеси» катары белгилүү.

Пентагондун жазуу түрүндөгү жарыясында бул бомба менен ДЕАШтын жашырынуу үчүн колдонгон бир канча үңкүрүнүн таш талканын чыгарганы белгиленди.

Анда; «Ооганстандагы АКШ күчтөрү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:32де Нангархар аймагынын Ашин жергесинде ДЕАШтын бир канча туннелине каршы бомба таштады»,делди.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги (CENTCOM) бомбаны аймакта орун алган АКШ жана ооган күчтөрүнө аз таасир тийгизгидей түрдө пландап колдонгондорун баса белгиледи.

CENTCOM,жарандардын зыян тарпоосу үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлгөнүн белгиледи.

2003-жылы армияга берилген GBU-43/B конвенционалдык эмес бомба, жасалып чыкканда дүйнөнүн ядролук эмес эң күчтүү куралы катары долбоорлонгон.

Алгач ирет салгылашууда колдонулган бомба MC-130 реактивинен атылды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости