www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - ОшМЮИнин жамааты ишембиликте

«Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген демилге менен чыккан  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты ишембилик уюштурду. Аталган жогорку окуу жайдын окумуштуу-окутуучулар курамы менен техникалык кызматкерлери жана студенттери Ош шаарынын аймактарында көрктөндүрүү иштерин аткарышты. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Алар атайын топторго бөлүнүп, Разаков көчөсүнүн жээктериндеги арыктарды чаап, таштандылардан тазалашты. Жамааттын демилгесин колдогон топтор шаардын Манас ата кичи районундагы бак-дарактардын, гүлдөрдүн  астын чаап, жумшатуу менен жөөк ачып чыгышты.

-Ыйман–адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп жаткан ишембиликтердин жаштар үчүн тарбиялык мааниси бар,- дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.-Анткени жаштарда  атуулдук жоопкерчилик менен табиятка камкор болуу сезимдери калыптанат.

Ушул күнү ишембиликке чыккан жамааттын уюшкандуу аракети менен айлана-чөйрө тазаланып, иреттелгендиктен  Ош шаарынын көркүнө көрк кошулуп, көргөндөрдүн маанайын көтөрдү.

 

Последние новости