www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Хизер Науэрт, АКШ Орусияга тыңчы маселеси боюнча санкция киргизе турганын жазуу түрүндө жарыялады.
АКШ, мурдагы кош тыңчы Сергей Скрипал жана кызы Юлия Скрипалды Англиянын Солсбери шаарында «Новичок» заты менен уулоо аракетинен улам Орусияга санкция киргизмекчи.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Хизер Науэрт, жазуу түрүндөгү жарыясында «Англиянын жараны Сергей Скрипал жана кызы Юлия Скрипалга карай "Новичок" аттуу нервди шал кылуучу газ менен ууландыруу аракети боюнча АКШ Өкмөтү, 2018-жылдын 6-августунда 1991-жылдагы «Химиялык жана биологиялык куралдардын көзөмөлү жана жоюлушу» мыйзамынын алкагында Орусия Федерациясы Өкмөтүнүн эл аралык укукту бузуп өз атуулдарына карай химиялык же биологиялык курал колдонгону аныкталды»,деп жазды.
Науэрт, Конгресстин бул темада маалыматтандырылганын жана 15 күндүк мөөнөттүн акырында бул темада ишке ашырыла турган санкциялардын 22-августта Расмий гезитте жарыялана турганын белгилеп кетти.
Катчы санкциялардын деталдары тууралуу маалымат берген жок.
Англиянын тышкы чалгындоо кызматы МI6 үчүн иштегени белгилүү болуп калганда өлкөсүндө камакка алынган жана кийинчерээк тыңчы айырбаштоо аркылуу Англияга кеткен орус тыңчысы Скрипал менен кызы 4-мартта Солсберидеги бир банкта аң-сезимин жоготкон абалда табылды.
Ооруканадан чыгарылган ата-кыздын дарылануулары үйүндө улантыла турганы жарыяланган.
Англия, Скрипал менен кызынын ууланышында Орусия тарабынан импорттолгону алдыга коюлган, аскердик мүнөздөгү жана нерв системасына таасир этүүчү химиялык заттардын коллонулганынын аныкталганын жарыялаган.
Бул заттын Советтер Союзу тарабынан 1970-жылы жана 1980-жылдарда өнүктүрүлгөн «Новичок» аттуу химикат тобунан экенин белгилеген.
Буга кошумча Англия, АКШнын Орусияга карай санкция киргизүү чечимине ыраазы болгонун билдирди.
Англиянын Премьер-министрлигинен АКШнын Орусияга санкция киргизүү жарыясына байланыштуу ачыктоо жасалды.
Анда, «Англия, АКШлык шериктештерибиздин бул жаңы санкцияларын ыраазы болуп кабыл алды. Солсберинин көчөлөрүндө химиялык курал колдонулушуна каршы эл аралык катуу каршылык көрсөтүү, бүлүк салуучу жана ченемсиз мамилесине көз жумулбай турганы жөнүндө Орусияга ачык билдирүү жөнөтүлдү»,деген сөздөргө орун берилди.
Булак: "trt.net.tr"