www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1991-жылы кореялык Ким Хак Сун аттуу аял экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде мажбур түрдө сойкуга айлантылып, борделдерде япон жоокерлерин тейлегени тууралуу көрсөтмө берген. Ага чейин бул аял өз мекенинде куугунтукка кабылуудан коркуп, өтмүшүн жашырып келген, Себеби, конфуциандык моралды катуу кармаган Кореяда сойкулук өтө уят нерсе катары эсептелет.

Хак Сундун демилгесин Түштүк Кореянын аман калган дагы 35 жараны колдоого альш, Япониянын өкмөтүнө чогуу-чаран доо коюшат. Алардын көбү согуштан кийин өз мекенине кайтып келе албай, чет өлкөлөрдө жашап жүрүшкөн.

Япония үчүн бул согуштан калган дагы бир кара так. Бирок, күн чыгыш өлкөсүнүн бийлиги өз күнөөсүн моюнга алууга шашылган жери жок, Мурдагы бийликтер аскерлердин аракетинде эч кандай кылмыш жок катары эсептечү, азыркылар деле ошондой эле пикирде.

1932-жылы генерал-лейтенант Ясудзи Окамуранын колуна япон аскерлери оккупациялап алган Кытайдын аймагында аялдар массалык түрдө зордуктоого дуушар болгону тууралуу 223 доклад келип түшөт. Ушуга байланыштуу генерал-лейтенант жогору жактагыларга аскерлер жыныс ооруларына кабылып, согушка жендөмдүүлүгүн жоготуп коюшпасын үчүн көңүл ачуучу жайларды ачууну сунуштайт. Көңул ачуучу биринчи мекеме ошол эле жылы Шанхайда ачылат.

Япониянын аскердик саясый жетекчилеринин планы боюнча, мындай көңүл ачуу жайларында жалаң Япониянын жараңдары - буга чейин өз мекенинде сойкулук менен шугулданган «түнкү көпөлөктөр» иштешмек. Алгачкы учурларда чындыгында эле япон сойкулар иштеп, офицерлерди тейлешкен. Бирок, бара-бара көңүл ачуу жайларына келгендердин, кызыккандардын саны көбөйүп, аларды тейлегенге япон аялдары аздык кыльш калат.

Ошондуктан, Кореядан, Иңдонезнядан, Кытайдан, Филиппинден, Бирмадан, Таиланддан, Жаңы Гвинеядан аяддарды алып келе башташат. Кореялык кыздар өзгөчө баалуу товар катары эсептелчү. Анткени, Корея мурда Япониянын колониясы болгондуктан, корей кыздар япон тилин жакшы билишчү. 1942-жылы Кытайдын аймагында эле 280 талаа борделдери ачылган.

Аялдарды сойкуканага ар кандай жолдор менен, көбүнчө “тигүү фабрикасына, ооруканада иштейсиң”же “япон офицерине турмушка чыгасың» деп алдап алып келишчү. Ачкалыктан эптеп өлбөстүн кунүн куруп жаткан байкуштар эч ойлонбой макул болушчу.

Бирок, 12-30 жаштагы али турмушка чыга эле кыздар ишке эмес эле япон сойкуканасына туш болушчу. Кээде, 12-13-14 жаштагы кыздарды таламандын тал түшүндө жөн гана уурдап кетишчү. Ата-энелери алардын кайда кеткенин билбей, ыйлап-боздоп кала беришчү. А түгүл бир жолу кокусунан алдыларынан чыгьш калган голландиялык кызды да уурдап кетишип, ал шордуу да 1945-жылга чейин Ява аралында сексуалдык кулчулукта болгон.

Кээ бир маалыматтар боюнча, япондорго сексуалдык кулчулукка кабылган аялдардын 20 пайызы гана аман калышкан. Эч кандай шарты жок, көбүнчө аскердик чатырларда жайгашып, тикен зым менен курчалган мындай борделдерде ар бир аял күнүнө отуздан кем эмес эркекти тейлөөгө милдеттүү эле. Демалыш күндөрү алардын саны элүүгө жетип кетчү. Жоокерлерге оору жукпасын үчүн сойкуканадагы аялдарды аскер врачтары текшерүүдөн өткөрүп турушчу. Бирок, аларды врачтар өздөрү да зордуктаган учурлар көп болчу экен.

Эгер аялдардын кимдир бирөөсү жугуштуу оору менен ооруп, же боюна бүтүп калса, аларга «препарат 606» (салварсан) деп аталган дарыны беришчү. Курамында мышьяк болгон бул антибиотик бойдон түшүрүп, тукумсуздукка алып келчү. Аялдардын кимдир бирөөсү мындай оор шарттарга

чыдабай өз милдетин аткаруудан баш тартса, же качканга аракет кылса, андайларды кундак менен сабап өлтүрүп, же кылыч менен башын кесип салышчу, Кээ бирөөлөрү өздөрү эле дары жеп, же сүлгүгө муунуп өлүп алышчу.

Такталбаган маалыматтар боюнча, 13 жылдын ичинде көңүл ачуу жайларында 200 миңден 400 миңге чейин аялдар иштешкен. Бирок, алардын арасынан саналуулары гана аман калган. Айрымдарын ата-энеси күрүч ж.б. баалуу буюмдарын берип бошотуп алышкан. Берерге эчтекеси жоктор «кызымды бошоткулачы, бекер ипггеп берейин» деп жалдырап отурушчу.

Бирок, көңүл ачуу жайларынын ачылганы массалык зордуктоолордун толкунун токтото алган эмес. Сойкуканага акча төлөш керек. Япон жоокерлери болсо акча төлөбөш үчүн кыздарды көчөдөн эле баса калышчу. Эң көп сандуу зордуктоолор 1937-жылы Нанкин менен Шанхайда болгон.

1991-жылы Ким Хак Сун алардын кылмышын ашкерелеп чыккандан кийин да япон өкмөтү тастыктоочу эч кандай документтер жок экендигин бетке кармап, «аялдар өз ыктыяры менен иштешкен» дешип, көңүл ачуу жайларын ачууга тиешеси бар экеңдигин моюндарына алышкан эмес. Бирок, ошондон бир жыл өткөн соң япон тарыхчысы Ёс Ими Ёси Акинин документтерге негиздеген иликтөөсү жарык көрүп, ал коомчулукта чоң резонансты пайда кылды.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости