www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден Орусияга накталай долларлык купюраларды жөнөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу жарлык Ак үйдүн сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, "Төмөнкүлөргө тыюу салынат: АКШдан же АКШнын резиденти тарабынан Орусия Федерациясынын өкмөтүнө АКШ долларында номинацияланган банкнотторду түз же кыйыр түрдө экспорттоого, реэкспорттоого, сатууга же жеткирүүгө тыюу салынат",- деп жазылат жарлыкта.

Бул чара Орусиянын Украинадагы чабуулдарына байланыштуу санкцияларды күчөтүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, орус өкмөтүнө жана Орусиянын аймагындагы бардык адамдарга доллар сатууга тыюу салынат. Ошондой эле, америкалыктарга орус экономикасынын бардык тармактарына инвестиция салууга уруксат берилбейт.
Эске салсак, Орусия Украинада 24-февралда аскердик операцияларын баштаган. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизди. Президент Владимир Путин орус экономикасы санкцияларга туруштук берерин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости