www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылыштардан улам Батыш тарап Орсияга санкцияларды жарыялады. Кезек маалымат согушуна келип, кечээ 11-март күнү Meta компаниясы Орусиянын аскерлерине карата зомбулук иштерин чагылдырган материалдарга коюлган чектөөнү алып салды.
Белгилей кетсек, аталган компания Facebook, Instagram социалдык тармактарын өзүнө камтыйт.
Meta компаниясынын мындай чечиминен кийин Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы Facebook жана Instagram баракчаларына бөгөт коюу тууралуу
чечим кабыл алды.
Жогорудагы билдирүүдөн кийин, Орусиянын белгилүү блогерлери Instagram баракчасында катталуучулары менен кайгылуу коштошуп жатышат.
Мисалы, атактуу визажист Гоар Аветисян өзүнүн Instagram баракчасына "10 жыл сиздер менен болгон күнүмдүк байланыш, миңдеген посттор, тарыхчалар...Мунун барына ишенгим келбей турат, сиздер менен коштошуп жатканыма ишене албай турам", -деп жазган.
Дагы бир белгилүү Валерия Чекалина аттуу 10 миллиондон ашуун катталуучусу бар блогер "Орусияда Инстаграмды өчүрүшөт. Мен жөн гана сиздерди жакшы көрөрүмдү айткым келет. Мен сиздер менен өткөргөн жылдарыма ыраазымын. Мына азыр ыйлап жатам, башка эч нерсени айта албайм", - деп аудиториясы менен коштошкон.
Белгилей кетсек, Орусияда Instagram социалдык түйүнүн 14-март күнү саат 00:00дө бөгөттөө чечими кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg