www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

YouTube видеохостинги Орусиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы тууралуу маалыматтарды өчүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын аскердик операциялары тууралуу эрежелерди бузган, ошондой эле орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары менен байланышкан каналдарга дароо бөгөт коюлганын кабарлайт.

YouTube жетекчилеринин Твиттерге жарыялаган маалыматында, мындай чечимди кабыл алууга баскынчылык саясаты тууралуу материалдар киргизилгендиктен ушундай чечим кабыл алганын жарыялаган.

"Биз азыр Орусиянын Украинага басып кириши тууралуу, саясатты бузган маалыматтарды өчүрүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости