www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин 12 сенатору Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жазып, “сөз эркиндиги менен тынч жыйын өткөрүү укугунан пайдалангандыгы үчүн” соттолгон активисттер менен укук коргоочуларды тезинен түрмөдөн бошотууну сурады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Сенаторлордун катында активисттер Макс Бокаев менен Асет Абишевдин ысымы да аталган.

“Адамдар тынч жыйынга чогулуу, топторго биригүү, ой-пикирин билдирүү укугун пайдаланганы үчүн эч качан соттолбоого тийиш. Биз сизди ушундай мыйзамдуу аракеттери үчүн соттолгон жарандарыңызды бошотууга чакырабыз” деп жазылган катта.

Каттын авторлору аталган жарандар COVID-19 пандемиясына байланыштуу түрмөдөн дароо чыгышы керек деп эсептешет. Алардын айтымында, колонияда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.

2016-жылы 46 жаштагы Макс Бокаев жер реформасына байланыштуу митингге чыкканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал кастык козутуу, жалган маалымат таратуу жана митинг өткөрүү эрежелерин бузууга айыпталган.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” айыбы менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Казакстандык укук коргоочулар Абишев менен Бокаевди саясий туткундардын тизмесине киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости