www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын аймагындагы мекеме, ишканалардын иштөө тартиби жана коомдук транспорттордун каттамына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу республикалык штабдан бүгүн, 1-июлда кабарлашты.

Бекитилген жаңы иш тартибине ылайык:

Жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор иш күндөрү эртең мененки саат 7:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттайт. Ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор каттамга чыкпайт;

Кафелер, ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштейт;

Супермаркеттер, соода борборлору саат 07:00дөн 19:00гө чейин иштөө тартибине өтүшү керек;

Борбор калаанын аймагындагы бардык базарлар күн сайын саат 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости