www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 30-июнда 1 604 кишиден коронавирус инфекциясы табылды. Алардын ичинен –489унда оорунун белгилери бар, калганы вирус алып жүрүүчүлөр экени аныкталды. Бул тууралуу казак бачылмалары жазып чыкты.

Жалпысынан Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 41 065ке жетти. 3-июндан тартып Казакстан негизги статистикага вирустан улам ооруп жаткандарды гана киргизип, оорунун белгиси болбогондорду өзүнчө санап жаткан. Эксперттер мындай санакты сынга алып, бул өлкөдөгү чыныгы кырдаалды жашырууга барабар экенин билдиришкен.

25-июнда саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Алексей Цой инфекцияны ооздуктоо үчүн төрт жумалык катаал карантин чараларын киргизүүнү сунуштаган.

Кечетен бери вирустан өлгөндөрдүн статистикасы өзгөрө элек. Өлкөдө жалпысынан бул илдеттен 188 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости