www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда мен 40 жаштамын, жолдошум жана балдарым бар. Кудайга шүгүр, азыр турмушубуз ордунда. Бирок, мындан 20 жыл мурун башыман өткөн окуяны эстесем, жүрөгүм сыгылып, ыйлайт. Андай окуяны өз башымдан өткөрбөй бирөөдөн укканда, ишенбей кинодо, китептерде гана болот  же жөн эле ойдон чыгарылган демекмин. 

Анда мен жаш секелек кыз элем. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырып, шаарда бир тууган агам менен жашап калдым. Агам экөөбүздүн ортобуз үч эле жаш болгондуктанбы, кичине кезибизден эле бири-бирибизге жакын болчубуз. Экөөбүздөн башка дагы эки байкебиз жана эки эжебиз бар.  Алар окууларын бүтүп, түтүн буулатып калышкан. Ал эми агам экөөбүз студентпиз. Ал окуудан тышкары иштейт.

Ошентип окуу жайга тапшырып, жаңы адамдар менен достошуп, жаңы жашоону баштадым. Биринчи курстта эле, мына сага деп туулган күнүмдү Бишкектин кафелеринин биринде тосуп калдым. Ага классташтарым менен группалаштарымды чакырдым. Анан дагы жакын, чогуу жашаган агам дагы келди. Туулган күнүмдө агам чоң кып-кызыл роза гүлүн белек кылды. Өздүк майрамыма келген коноктор “экөөңөр аябай жакын экенсиңер ээ, агаң сени аябай жакшы көрөт экен, агаңдын сүйлөшкөн кызы барбы, аны кызганбайсыңбы?” деген суроолорду жамгырдай жаадырышты. Туулган күндү жакшы тосуп, үйлөрүбүзгө тарадык. Группадан бир бала мени жактырып калган экен. Ал мени үйгө узатам деп, бирок агаман коркуп айта албай койду. 

Ошол туулган күндөн кийин, жанакы берилген суроолор оюмдан эч кетпей койду. Бирок, агам эч бир кыз менен сүйлөшкөн эмес. Менин да жигитим жок. Балким, агам бирөөнү сүйүп, ал менен сүйлөшкөндө кызганмактырмын. Ким билет? 
Бишкекке келгениме 2 жыл болуп калганда, байкем экөөбүз ага-карындаш эмес, кыз-жигит болуп калдык. Билем, мындай болушу мүмкүн эмес. Бирок, биз бир атадан, бир энеден төрөлсөк дагы, бири-бирибизди аябай сүйүп калдык. Экөөбүздүн мамилебиз бир туугандардай эмес, кадимки эле бири-бирин сүйгөн кыз-жигиттердей болуп калды. 

Агам кыздыгымды алганына бир жыл болду. Ал окуусун бүтүрүп, жакшы жумушта иштеп калды. Мен окууга барып келип, үйдө тамак жасап, аны жумуштан күтүп алам. Ошентип чогуу жашап жаттык. Мен университетти бүтүп жатканда ата-энебиз менен бир тууган ага-эжелерибиз экөөбүз жөнүндө билип калышты. Эже, байкелерим атамдын жинин баса алышкан жок. Апамдын көз жашы токтобой жатты. Ызы-чуу болуп жатып, “эл караган бетимди жер караттыңар, бирөө укса эмне дейт, мени тирүүлөй өлтүрдүңөр” деп агам экөөбүздү тең өлтүрмөй болду. Бирок, эжем, байкелерим мени “сен качып кет, атам өлтүрүп салат” деп мени качырып жиберишти. Агам болсо, атамдын колуна түшүп, атам өз баласын өз колу менен өлтүрүп салды. Мен сүйгөнүмөн, агаман айрылдым.

Мен качып кеткен бойдон, кайра кайтып келген жокмун. Ошол мен качып кеткенде апамдын жүрөгү чыдабай, ооруп төшөккө жатып калыптыр. Биз жөнүндө ар кандай сөздөр айтып, ата-энемди элдер сөөмөйү менен көрсөтүшө берип, атамдын намысы чыдабай асынып өлүп алган экен.

Беш жыл өткөндөн кийин турмушка чыгып, үч балалуу болдум. Азыр жолдошум жанымда, балдарым чоңоюп, эр жетип калышты. Бирок, 20 жылдан бери ушул окуя жүрөгүмдү сыздатып келет. Эгер жолдошум бул окуяны кимдир бирөөдөн угуп калса эмне кылам деген ойлор жеп бүтүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости