www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка каржылаган “Азаттык” үналгысы Раимбек Матраимовго байланышкан иликтөө жасашкан. Анда 700 млн. доллар каражат сыртка чыгып кеткенин айтышкан. Коомчулукка дүң болгон иликтөөдөн кийин депутаттык комиссия түзүлгөн. Каржы полициясы Матраимовдордун жана жакындарынын мүлкүн иликтеп, 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн жарыялаган. Ошондой эле депутаттык комиссиянын узак убакытка болгон иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыгып,  “Азаттык” сыртка чыгып кетти деген 700 млн. доллардын Өзбекстандык соодагерлердин жана уйгурлардын каражаты деген бүтүм чыгарышкан.

Ага Каржы полициядан жана Улуттук банктан алган маалыматтар себеп болгон. Ал ортодо ушул маселени көтөрүп берүү үчүн Азаттыктын журналисти Али Токтакунов 100 миң доллар алмак экен деген маалымат күч органдары тарабынан чыгып кетти. Бул нерсе “Азаттыктын” ишмердүүлүгүнө доо кетирген. Тагыраагы, “Азаттык” ушундай иштер менен алек болуп, акча өндүрө баштаптыр деген маалымат желдей тараган.

Депутаттык комиссия “Азаттык” көтөрүп чыккандан да чоң каражат сыртка чыкканын, анын бири да Кыргызстанга тиешеси жок экенин айткандан кийин бул темага чекит коюлгандай болгон.  

Бирок, Президент кызыл аянттагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышпай калгандан кийин кайра жанданды. Тагыраагы, Али Токтакунов жаңы жагдай тапкандай дагы бир иликтөө жарыялады. Анда укмуш табылга тапкандай сүрөттөгөнү менен эски эле картиналар орун алды. Эски эле схемалар тууралуу  сөз болду.

Кыскасы, сыртка чыккан каражаттардын Кыргызстанга тиешеси жок болсо да, Матраимовдорго байлоо аракети күч болгону ачык эле байкалып турду. Бу сапар “Ысмайил Ата” фондуна которулган каражаттарды иликтеп, бир демөөрчүсү техника сатып алуу үчүн акча которгондой таасир калтырышты. Ошондой эле алар айтып жаткан Саймаити текстил деп жазып акча которгонун баса белгилешти. Кальмар саткан фирмага байлашты. Кыскасы, “Азаттык” бул маселени президентти жарга такоо үчүн, Американын саясатын жогору койгону үчүн жасашып жатканын айгинелешти.

Айтайын дегеним, бүгүн коомчулукта Америка ачат деген биолаборатория тууралуу терс пикирлер көп. Аны Кыргызстандын территориясына курдурсак, элдин шоруна калаарыбызды далилдеген жагдайлар да жетиштүү. Ошон үчүн күз айларында кол коюла турган макулдашуу ишке ашар, ашпасы арсар. Анткени, элди санаага салып жаткан биолаборатория куруу маселеси Америка менен Кыргызстандын макулдашуусундагы орчундуу  маселелерден. Тагыраагы, бир пункту. 

Президенттин Америка кошмо штаттары менен болгон макулдашууга болгон сүйлөшүүсүн жоопсуз калтырбоо үчүн “Азаттык” Раим Матраимов маселесин кайра-кайра көтөрүп жатышат. Американын Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч болгон үчүн орустар Канттагы авиа база жайгашкан жерди кеңейтүүгө аракет кылып, керек болсо менчикке чыгарууга жан үрөштү. Матраимовдун маселеси саясат үчүн эле көтөрүлүп жатат. Америка президентти ушул маселе менен торуп, коомдук пикир жаратууга үлгүрдү.

Ачык айтылбаганы менен туш тараптан президентти кысып, макулдашууга кол койдурууга аракет кылышууда. Президент да Американын айтканы менен иш кылбайт. Бирок, алардын жараткан тоскоолдугунан кооптонот.  Американы угуп, Матраимовду камап деле койбойт.

Анткени, “Азаттык” сыртка чыгарып кетти деген каражаттын баары Кыргызстанга тиешеси жок экени аныкталды.

Бул биринчиси. Экинчиси, Матраимовго ыңгайсыздык жаратып, шайлоо алдында түштүктөгү электораттан айрылгысы келбейт. Түштүктө Матраимовдор жардам бербеген айыл жок.

Тагыраагы,  элге жаман деп, таасир калтырган Матраимовдор ыйлаган кишинин көз жашын аарчыйт. Жардамга муктаждарга кол сунат, зарыккан кишинин маселесин чечип берет. Ошон үчүн элдин Матраимовго болгон урмат сыйы артып жатат. Бирок, кеп көрсөткөн жардамында эместир, балким, кимдир бирөөлөр үчүн ал кишинин адамдык сапатында.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости