www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери өлкөгө ташталган баракчаларга ачууланды. Ал баракчаларда мамлекет башчынын жубайы Ли Соль Чжундун порнографиялык фильмде ойногон сүрөттөрү көрсөтүлгөн. Бул тууралуу dailymail басылмасы жазып чыкты.

Бул үгүт материалдары Түндүк Кореяга биринчи жолу келген жок. Эреже катары, баракчалар чек арадан аба шарлары (воздушных шарах) менен ташылат.

Бул окуя боюнча эки Кореянын ортосунда дайыма жаңжал чыгып келген, бирок бул жолу ачык тирешүү башталды. Бул баракчалар Пхеньяндын Кесондогу корейлер аралык байланыш кеңсесин жардырып, коңшуларына согуш жарыялагандыгы менен коркутканына себеп болгон деген божомолдоолор айтылган.

"Бул баракчаларда лидердин аялына каршы багытталган ыплас, мазактоочу үгүттүн өзгөчө түрү камтылган", - деп Россиянын КНДРдеги элчиси Александр Мацегорго шилтеме берип, британ гезити билдирди.

Маалым болгондой, Ли Соль Чжу көп деле коомчулукка чыга берчүү адамдардан эмес жана ал жөнүндө аз эле нерсе белгилүү. Чжу мугалимдин жана дарыгердин үй-бүлөсүнөн, университетти бүтүргөн деген гана маалымат бар.

Эске сала кетсек, 16-июнда Түндүк Корея Кэсон өнөр жай комплексинде биргелешкен байланыш кеңсесин жардыргандан кийин, кореялык мамилелер курчуп кетти. Буга чейин Түндүк Корея тарап, эгерде Түштүк КНДРге пропаганда материалдарын жөнөткөн активисттерин токтотпосо, анда офисти бузуп, атүгүл аскердик келишимден баш тартам деп коркуткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости