www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Хасеке провинциясындагы база жана аскердик пункттарга акыркы 3 күндө Ирактын территориясынан 100гө жакын унаадан турган аскердик жана логистикалык кошумча конвойлорду жөнөттү. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрүнө таандык кошумча күчтөр 6-8-январь күндөрү Ирак-Сирия чек арасындагы аль-Валид чек ара бекети аркылуу Хасекеге кирди.

Хасекенин элет жерлеринде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Румейлан, Шеддади жана Тел Бейдер отурукташуу жерлериндеги АКШ күчтөрүнө таандык базаларына жана аскердик пункттарына жеткен 100гө жакын унаа конвойлоруна бронетранспортерлор, мазут ташыган танкерлер жана көп сандаган ок-дарылар жүктөлгөн.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 2019-жылдын октябрь айында «Тынчтык булагы» операциясынын башталышы менен АКШ, операция болгон аймактагы базаларын эвакуациялоо менен бирге мунай кендеринин айланасында отурукташууга артыкчылык берди.

Жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга колдоо көрсөтүүнү уланткан АКШ күчтөрү учурда Сириянын уюмдун басып алуусу астындагы Хасеке, Ракка жана Дейр-эз-Зор облустарындагы көптөгөн база жана аскердик пункттарда турушат.

Вашингтон ПКК/ЙПГ жикчил террористтери басып алган мунай кендеринде жайгашкан аскердик база жана пункттарга тынымсыз кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө.

Последние новости