www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен кызматташуу келишими денонсацияланганына байланыштуу Кыргызстан АКШдан аскердик жардам ала албайт. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, АКШ Тажикстанга аскердик техника менен жардам берип жатат.

"Биздин мурунку бийликтер Америка Кошмо Штаттары менен болгон бардык келишимдерди денонсациялаган, ошондуктан биз жардам ала албайбыз" деп кошумчалады ал.

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов ведомство бардык мамлекеттер менен кызматташа турганын айтты.

«Биз АКШ менен да кызматташып жатабыз. Алар 2022-жылы бизге медициналык буюмдарды тапшырышкан», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости