www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жикчил террор уюму ПКК/ЙПГга колдоо көрсөтүүсүн Түркиянын каршы чыгуусуна карабастан уланткан Америка башкаруучулугу, Сириянын түндүгүндөгү Хасеке шаарында орун алган жана негизги омурткасын ПККлык террористтер түзгөн Демократиялык сирия күчтөрүнө (СДК) 200 фура менен курал жиберди.

Вашингтон 200 фура толтура курал, аскердик шайман жана ок-дарыны Хасекеге жеткирди.

АКШнын берген куралдарын Ирак аркылуу Сирияга Демократиялык сирия күчтөрү жана Ирак чек ара сакчылары тарабынан күзөтүлгөн Симака чек ара капкасынан алып барылганы белгилүү болду.

Демократиялык сирия күчтөрүнүн маалымат булактары, өздөрүнө келген куралдарды Хасекенин түштүгүндө террор уюму ДЕАШка каршы уланып жаткан операцияда колдоно тургандарын жарыялады.

АКШ, Демократиялык сирия күчтөрүнө июнь айында дагы 250 фура менен оор курал жана зооттолгон Хаммер унааларын жиберген болчу.

Акыркы өткөрүү менен бирге АКШ, Сирия кризиси башталган 2011-жылдан ушул убакка дейре Демократиялык сирия күчтөрүнө эң аз 5000 фура оор жүктү өткөргөн болду.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости