www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Москва районундагы партия мүчөлөрүнүн төрагага каршы жыйыны тууралуу билдирүү таратып, чогулуш съезд статусуна ээ эмес экенин кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Билдирүүдө аталган райондо партиянын билетин алган 80 гана киши бар экени, башка райондордо алардын миңдеген мүчөлөрү бар экени айтылат.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Беловодское айылында чогулгандардын ичинде КСДП партиясынын мүчөлөрү 15ке жетпейт.

“Калган 50-60 киши массаны түзүш үчүн эле чогултулган. Алардын көбү эмнеге чогулганын деле толук билишкен эмес”, - дейт Жолдубаева. ​“Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, өз энесин да сатып кете турган адамдар бар. КСДП партиясына да ошондой бийлик жана кызмат үчүн келгендер бар. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов кезинде “Ар-Намыс” партиясынан келип, Алмазбек Атамбаевдин кийлигишүүсү менен КСДП партиясынан депутат, губернатор жана “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин орун басары кызматтарында иштегенге жетишкен. Тилекке каршы, Москва районунда КСДПнын мурдагы жана азыркы мүчөлөрүнөн ошого окшош “эргулдар” көп. Сыягы аларга бир нерсе убада кылышкан, алар болсо ошону актагысы келип жатат”.

Билдирүүдө мындан сырткары “КСДП партиясы жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн “жармашып” келгендерден тазаланып жатканы" да белгиленген.

Бүгүн КСДПнын Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү Беловодское айылында партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. “Атамбаевсиз КСДП” деп аталган конференцияга өзүн ушул партиянын өкүлү катары тааныштырган Сагынбек Абдрахманов баштаган 100гө жакын адам катышкан. Алар жыйын соңунда бардык аймактарда КСДПнын мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынын өткөрүүнү, төрагалыктан Алмазбек Атамбаевди кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты.

Мурдараак КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн 2017-жылы чыгарылганын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости