www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура бир катар бажы кызматкерлерине жана жеке тараптарга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бажычылар КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 303 (Коррупция), 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (Кызматтык жасалмачылык) боюнча айыпталууда.

«Үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында Борбордук бажы башкармалыгынын жана «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери «K.G.» жана «L.G.» ЖЧКлары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма квитанцияларды пайдаланышкан. 18 миллион сомго Кытайдан алып келинген товарларды жасалма документтер аркылуу декларациядан өткөрүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Каржы министрлигинин Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасы аталган ЖЧКлардан декларация боюнча төлөмдөр түшпөгөнүн билдирген.

Жыйынтыгында мамлекет ири көлөмдөгү чыгым тартканы айтылды.

Мындан аркы иликтөө жүргүзүү үчүн иш УКМКга жөнөтүлдү.

Последние новости