www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентибиз Сооронбай Шарипович 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупция менен аёоосуз күрөшөөрүн жар салды. 2018-жылдын 7-апелинде «Апрель окуясынын» катышуучулары жана «Апрель окуясынын» маркумдарынын жакындары менен жолугушуусунда: «Коррупция менен күрөшүүдө бир туугандарына, досторуна да айоосуз чара колдонорун» баса белгиледи.
Бирок Өзбек республикасынын жараны Салимбайды «тирек» туткан, «Жаңы-Доор» ЖЧКунун жана анын кубулмасы болгон «Беш-Арча» ЖЧКунун ээлери болгон Кара-Кулжалык Атамбаев Жалил Сатышович жана анын бир туугандары алар үчүн Президентибиздин «Коррупция менен күрөшүү» саясатынын тиешеси жоктой жүрүшөт. Ал эмес сотторду да «Укуктук соттук реформанын» талабына каршы аракет жасоого мажбурлап келишет.
Тактап айтканда:
1. «Жаңы-Доор» ЖЧКу жасалма лицензия менен Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы Бел-Алма көмүр кенинен 5 771 тонна көмүрдү мыйзамсыз казып алып, мамлекетке 46 000 000 сом зыян келтиргени боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок «Соолуган соттор» тарабынан «өзгөчө » өкүм чыгып, мамлекетке келтирилген зыян төлөнбөй келет.
2. «Жаңы-Доор» ЖЧКунун кубулмасы болгон «Беш-Арча» ЖЧКу чалгындоого гана лицензия алып, бирок Бел-Алма көмүр кенинен 1 000 000 тоннадан ашык көмүрдү өз алдынча казып алганы далилденип, кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатса да тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор тарабынан КР КЖПКинин 119-беренесинде көрсөтүлгөн «Өкүмдү камсыздоо» чаарасы колдонулбай б.а. Бел-Алма көмүр кенине карата аракеттерине тыюу салынбай, «Беш-Арча» ЖЧКунун мүлкү камакка алынбай, эсепсиз көмүр казуусун (ушул күнгө чейин тараза койбостон) улантууда.
3. Бир топко чейин тергөөчүлөр, прокурорлор тарабынан Активистер топтогон далилдүү материалдар жок кылынып, кылмыш ишин козгоодон баш тартылып келген. Активистер кайра-кайра арызданып, жок кылынган далилдүү материалдарды кайрадан берип жүрүп кылмыш иши козголгон. Бирок тергөөчүлөр, прокурорлор иштин ичиндеги орчундуу далил материалдарды «көрбөй, түшүнбөй » калышып, колдонууга алынбаган. Тактап айтканда КР Премьер-министири С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасын жана КР Өкмөтүнүн Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча бөлүмүнүн башчысы А.И.Акматалиевдин 2016-жылдын 30-майындагы №15-1864сандуу телефонограммасын аткаруу максатында Баткен облусунун Кадамжай Районудагы Майдан айыл аймагында жайгашкан Бел-Алма көмүр кениндеги “Беш-Арча” ЖЧКсынын ишкердигинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2016-жылдын 30-майындагы №234 сандуу буйругу менен түзүгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 67 барактан турган тактама жазылып, ал тактамага 168 барак далилдүү материалдар тиркелген. Тергөөчү түзгөн, прокурор бекиткен “Айыптоо кортундусунда” бул 67 барактан турган тактама жөнүндө бир ооз сөз жок. Ал эми 168 барактан турган тиркемеси жок кылынып, иштин ичинде жок.
4. Активистер “Өзбек Республикасынын жараны Салимбайды “тирек” туткан Атамбаев Жалил Сатышович жана анын туугандарынын мыйзам бузуу аракеттерин далилдеп, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп койот” дешип, тергөөчүлөр, соттор иш боюнча түрдүү зордук, зомбулук менен иштен четтетишип келүүдө. КР КЖПКинин талабы боюнча Активистер арыздануучу болуп ишке тартылуусу керек эле го!!!!
5. 2018-жылдын 16-апрелинде КР Жогорку сотунда иш каралып, катышкандар жана Баткен облусунун прокуратурасы “У.З.Мамытовдун къзъмъл иретиндеги арызы канааттандыруусуз, ал эми Баткен облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы күчүндө калтырылды” деп кат жүзүндө билдиришкен. Бирок “Баткен облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 30-январындагы Мамытов Уланбек Зикирбаевич жөнүндөгү аныктамасы жокко чыгарылсын. Жазык иш башка курамда жаңыдан апелляциялык тартипте кароо үчүн Баткен областтык сотуна жөнөтүлсүн.”-деп оңдолуп, бүгүнкү Баткен облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүдөгү иштер боюнча соттук коллегиясында мурдагы эле “маанайда” каралууда.
Жогорку жосундардын натыйжасында Майдан эли “Өзбек Республикасынын жараны Салимбайды “тирек” туткан Атамбаев Жалил Сатышович жана анын туугандары Президентибиздин “Коррупция менен күрөшүү” саясатына карата “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дешүүдөбү же Президентибиз Кара-Кулжалыктарга “кол тийбестикти” өзү бергенби?” деп таң калышууда.
Булак: NazarNews.kg