www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыкты.

"Биз буга өтө олуттуу мамиле кылуудабыз жана сөзсүз түрдө бул маселени карап чыгабыз" деп билдирген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Анын пикирине караганда, тиркемени колдонууну токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат. Мындан сырткары TikTok тиркемесин эгерде адамдар жеке маалыматы "Кытайдын коммунисттик партиясынын" колуна түшкөнүн кааласа, колдонсо болорун кошумчалаган.

Эске сала кетсек, буга чейин Индия TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салган.

TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.

Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат.

Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости