www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун аймагында коронавирустан каза болгон маркумдардын сөөктөрү күчөтүлгөн санитардык тартипте жерге берилип жатат. Бул тууралуу Турмуш.кж сайты жазып чыкты.

Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиевдин айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөткөн сактык чаралары менен Жумгал районунун аймагында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди.

«Кыргызстанда коронавирус илдети чыгып, өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген учурдан тартып муфтияттын буйруктарынын алкагында бир топ иштер аткарылып, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө коронавирус илдетинен, пневмониядан улам каза болгон жарандар Кыргызстандын аймагында көп катталып жатканына байланыштуу маркумдарды жерге берүү процесси күчөтүлгөн санитардык тартип менен ишке ашып жатат.

Кечээ эле Бишкек шаарында 31 жаштагы жараныбыз ооруп каза болгон экен. Анын сөөгүн келери менен түн ичинде жерге бердик. Жаназасын окудук», - деди Рустам Сейталиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости