www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Жакынкы Чыгыш менен Африканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бир миллиард доллар бөлдү жана бул тууралуу 16-июль, ишемби күнү коомчулукка жарыялоого даярданып жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, саясатчы өз билдирүүсүн Араб мамлекеттер лигасынын (ЛАС) саммитинде жасайт. Ага Перс булуңунун алты мамлекети, ошондой эле Египет, Иордания жана Ирак катышат.

Байден АКШнын президенти катары алгачкы сапарын 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы Чыгышка жасайт.

Эске салсак, 15-июлда мамлекет башчысы Сауд Арабияга алгачкы расмий сапары менен келди. Америкалык лидерди өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд тосуп алды. Тараптар мунайдын көлөмүн көбөйтүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости