www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,  2020-жылдын 11-мартында Саламаттык сактоо министрлигинин конференц-залында гуманитардык жардамды тапшыруу боюнча иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жеке коргонуу каражаттарын  тапшырды.

Бул жеке коргонуу каражаттары  жаңы COVID-19 инфекциалык оруусунун (коронавирустун) Кыргыз Республикасынын аймагында  жайылышын алдын алуу үчүн даярдыктарды көрүүгө эрте жардам пакетинин алкагында берилди.

АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өнөктөштүктө 10 миң хирургиялык костюм, 10 миң кол кап, 200 коргоочу көз айнек жана 200 N95 респиратор тапшырды.

Бул каражаттар  Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Дубай шаарындагы атайын логистикалык борборунан  жиберилди. 

Берилген жабдуу - 100дөн ашык өлкөдө катталган корнавирустун таралышына каршы күрөштөгү АКШ Өкмөтүнүн алгачкы кадамдары.

Бул жабдуудан тышкары, 3-мартта АКШ Өкмөтү бул вирус менен алышууга 37 миллион АКШ долларын бөлгөнүн жарыялады. Бул каражат 25 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда, эпидемиянын таралышын токтотууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Бул каражаттар өлкө боюнча медицина кызматкерлерине жана башка тиешелүү жактарга потенциалдык оорулууларга бат жана коопсуз жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жардам  Кыргыз Республикасынын жаңы коронавирустун пайда болушуна даярдык көрүү аракеттеринин алкагында кайрылуусунун негизинде берилип жатат.

Кыргыз Республикасынын санитардык жана эпидемиологиялык кызматы бул каражаттарды  тиешелүү медициналык мекемелерге таратат.

Бул ыкчам жардамдан тышкары, АКШ, ДССУ жана башка өнкөтөштөр COVID-19 вирусуна каршы күрөштө дагы башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандары менен кызматташып келет.

Жалпы көрсөтмөлөр:

COVID-19 вирусу түздөн-түз контакт, жөтөлүүдө жана чүчкүрүүдө бөлүнүп чыгуучу тамчылар жана вирус түшкөн буюмдардын беттери аркылуу жугушу мүмкүн. Негизги симптомдор: температуранын жогорулашы, жөтөл, аба жетишсиздиги жана дем алууда кыйналуу. Катаалдашып кеткен учурда, ал пневмонияга, катаал дем алуу синдромуна, бөйрөктүн оорусуна жана өлүмгө да алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости