www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио Олимпиадасы 2021-2022-жылдары өтүшү мүмкүн

Токио 2020 Олимпиадасы 2021-2022-жылдары өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) мүчөсү Харуюки Такахаси чет элдик басылмаларга маек берип жатып билдирди.

Маалыматка караганда,Токио шаарында өтчү 2020 жайкы олимпиада оюндары коронавирус чуусунан улам токтотулбайт, бирок кийинки жылдарга жылдырылышы мүмкүн. "Мен олимпиаданы токтотуу тууралуу ойлонбойм. Эгер олимпиада токотулса, ЭОКто каржы жагынан чоң көйгөй жаралат. Себеби түз эфирлердин баары сатылган, даярдыктар өз нугунда жүрүп жатат. Биз олимпиаданы кийинкиге жылдыруу тууралуу гана сөз кылабыз. Олимпиада 2021-2022-жылдары өтүшү мүмкүн. Апрель айынан баштап биз бул суроону олуттуу талкуулай баштайбыз" -деп билдирген Харуюки Такахаси

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында тарап жаткан вирус 100 дөн ашык мамлекетке тарап кеткендигине жана аталган оорудан каза болгондордун саны күн санап өскөндүгүнө байланыштуу, Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшү коркунуч алдында турат.

План боюнча Жайкы олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөк.  Бул мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулаары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости