www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өлкөдөгү коомдук жайларда жарнамалар менен жарыялардын орус тилинде жазылганын сынга алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, 9-мартта өткөн видеоселектордук жыйында өкмөт башчы жарнамалардагы каталар жөнүндө айтып, жарыяларда өзбек тили көбүрөөк колдонулушу керектигин айтты.
"Айрым ачыла элек дүкөндөр, ашканалар "Скоро открытие" же "Мы открылись" деп жазып жатышат. Жарнамаларды орус тилинде жазуу борбор шаарда гана эмес, алыскы айылдарда дагы модага айланып жатат. Жарыяны биздин тилде жазсак эч ким түшүнбөй калабы? Же ал дүкөнгө эч ким кирбей коёбу? Мамлекетке, тилге карата патриоттуулук сезим болушу керек", — деди Абдулла Арипов.
Мындан тышкары, өкмөт башчы өлкөдөгү негизги керектөөчүлөр өзбек тилдүү экенин эске алып, жарнама-жарыяларды башка тилде жазуу токтотулушу керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg