www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акырындык менен  Штаттарда Covid-19 Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешине өз таасирин тийгизип, аталган мелдеш болбой калуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө спорт чөйрөсүндө кеп болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Нью-Йорк штатында алгачкы ирет коронавируска карата карантин режими киргизилип, ошол жерде 173 адам аталган илдеттен жабыркап жаткандыгы тууралуу айтылып жатат. Вирус катталган АКШнын Нью-Йорк штатынан 30 км алыстыктагы жерде Нурмагомедов менен Фергюсон күч сынашмак эле. Бирок кырдаалдан байкалып тургандай АКШдагы бул штатта кыйыр түрдө илдет жайылууда.

Ал эми аталган мушкерлердин беттеши алдын ала “кылымдын беттеши” наамына ээ болуп, 19 000 кишини өз ичине батыра алган Barclay Arenaсында болушу пландалган эле. Бирок   UFC 249 турнири миңдеген адамдарды кооптуулукка кептеп жатканы тиешелүү адамдарды оңтойсуз абалга салып жатат.

Эске сала кетсек, “кылымдын беттеши” 2020-жылдын 18-апрелине өткөрүлүшү айтылып, билеттер да сатыкка чыгып жаткан. Аталган мелдешти башка штатка көчүрүү да кооптуу, анткени дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан көрүүчүлөр учуп келет деген версиялар да айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости