www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Евробиримдик Кытайдан айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Мындай өтүнүч Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарында өткөн COP27 БУУнун климат боюнча саммитинде айтылды. Бул тууралуу Fox News билдирди.

Саммиттин алкагында 200гө жакын өлкөнүн сүйлөшүүчүлөрү климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чеккен жакыр өлкөлөргө компенсация төлөп берүү келишимине кол коюшту. Келишимге ылайык, Евробиримдик менен АКШнын негизги талабы – Кытайды жана башка «булгоочу чоң мамлекеттерди» фондго мүмкүн болушунча көбүрөөк салым кошууга мажбурлоо.

Фонддун ишмердүүлүгүнүн чоо-жайы азырынча айтыла электиги белгиленген. Бирок бул фонд өнүккөн өлкөлөр, эл аралык каржы институттары сыяктуу жеке жана мамлекеттик булактардын салымынын эсебинен түзүлөрү айтылууда.

Фонд биринчи кезекте эң аярлуу өлкөлөргө жардам берүүгө багытталганы менен, климаттык кырсыктардан катуу жапа чеккен орточо кирешелүү өлкөлөр да жардам алууга укуктуу болот.

Маалыматка ылайык, келишимдин деталдары 2023-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган климаттык конференциянын негизги темасы болушу ыктымал. Азырынча бир нече гана өлкөлөр олуттуу төлөм милдеттенмелерин алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости