www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк аскерлеринин Алеппо, Ракка жана Хасака провинцияларындагы күрттөр жайгашкан аймактарга жасаган ири чабуулдарынан кеминде 30 киши набыт болду. Алардын арасында 15 жай тургун жана Сирия армиясынын 15 жоокери бар. Бул тууралуу Ирактан тараткан Rudaw телеканалы Сириянын демократиялык күчтөрүнүн башкы командачылыгына шилтеме берүү менен билдирди.
20-ноябрда Түркиянын Коргоо министрлиги Сирия жана Ирактагы күрт кошуундарына каршы "Pençe-Kılıç" аскердик операциясын баштаган. Бир сутка ичинде түрк аскерлери баш калкалоочу жайларды жана ок-дары кампаларын кошкондо 89 бутаны жок кылышкан.
Түркия 13-ноябрда Стамбулдун борборундагы Истиклал жөө жүргүнчүлөр көчөсүндө болгон чабуул үчүн Сириядагы Күрдистан жумушчу партиясы менен Сириянын демократиялык күчтөрүн жооптуу деп эсептейт. Кол салуу маалында алты адам каза болуп, кеминде 80 киши жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg