www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-сентябрда Кабул шаарынын аэропортунда америкалык инженер Марк Фрерикс "Талибан" радикал кыймылынын жогорку даражалуу мүчөсү Башир Нурзайга алмаштырылды. Бул маалыматты АКШ президентинин администрациясы ырастады.

Марк Фрерикс — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн инженери жана ардагери. Ал Ооганстандагы өнүктүрүү долбоорлорунда он жылдай иштеген. Фрериксти 2020-жылы февралда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Башир Нурзай талибдер 1990-жылдары бийликте турган маалда алардын финансылык тарапкери болгон. 2005-жылы 50 миллион долларлык героинди мыйзамсыз ташуу айыбы менен АКШда камакка алынган.

2009-жылы ал өмүр бою абакка кесилген. Бошотулгандан кийин Нурзайды Кабулда талибдер гүл менен тосуп алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости