www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеринин (УКМК) төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын аймагында жолугуп, чек арадагы кырдаалды турукташтырууну камсыздоочу иштерди жылдыруу боюнча жумушчу протоколго кол коюшту.

Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 19-сентябрь күнү кечинде Баткенде журналисттерге билдирди.

"Документтин мазмуну - бүгүнкү болуп жаткан иштерди өркүндөтүп, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу. Чек арада акырындык менен тынчтык орной баштады. Бүгүнкү жолугушуу менен биз тынчтыкка дагы бир кадам таштадык. Бир аз болсо да ишеничтүү боло баштады десек болот".

Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну иликтөө үчүн эки тараптан түзүлгөн биргелешкен комиссия 20-сентябрда ишин улантарын кошумчалады.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды. 164 адам түрдүү жаракат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Душанбедеги брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости