www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун карындашы Саодат Нарзиева Европа биримдигинин (ЕБ) санкциялык тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлады.

Нарзиева Евробиримдиктин санкциялык тизмесине Украинадагы согушка байланыштуу орусиялык аткаминерлер менен олигархтардын башка жакындары менен бирге быйыл апрелде киргизилген.

Басылманын маалыматына караганда, Усманов менен Нарзиева санкцияларды жоюуну өтүнүп апрелде сотко кайрылышкан. Санкциялар менен алардын ЕБ өлкөлөрүндө саякаттоосуна жана бул аймактагы активдерин колдонуусуна тыюу салынган.

Мындан тышканы бул аптада ЕБдин санкциялык тизмесинен маркум орусиялык саясатчы Владимир Жириновский жана финансист Михаил Фридмандын мурдагы аялы Ольга Айзиман да чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости