www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 22-июнда чет өлкөлүк жарандарга АКШда 2020-жылдын аягына чейин иштөөгө уруксат берген визанын айрым түрлөрүн токтотуу тууралуу буйрукка кол койду. Мындай чечим коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам жумушсуз калган америкалыктарды жумуш орду менен камсыздоо үчүн кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган чектөөгө жогорку квалификациялуу адистерге бериле турган визанын H1-B түрү кирет. Ошондой эле башка өлкөлөрдөгү фирмаларда иштеген кызматкерлерди АКШга которууда колдонулуучу визанын L-1 түрүнө жана сезондук жумуштарда иштегендерге берилүүчү визанын H-2B түрү да бар. Тыюу салынып жаткан визанын катарында J категориясы дагы бар. Бул виза маданият жана кесиптик алмашуу программаларында иштеген кызматкерлерге таандык.

Мындан тышкары, Дональд Трамп АКШга грин-карта программасы менен келгендерге дагы чектөө киргизүүнү ушул жылдын аягына чейин узарткан.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай чектөө америкалыктарды жарым миллиондук иш орду менен камсыз кылат. Ал эми Трамп визага байланыштуу чечим элди бактылуу кылат деген ишенимде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости