www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицян маалымат жыйынында АКШнын мамлекет катчысы Майк Помпеонун Пекинге каршы айткан айыптары негизсиз деп билдирди

"Биз бул америкалык саясатчыны каталарын оңдоого, "саясий вирус" жайылтууну токтотууга жана Кытай менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты алсыратуунун ордуна, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырабыз”, - деди ал.

Эске сала кетсек, Помпео Кытай Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эрежелерин бузган жана коронавирустун адамдан адамга жугарын бир ай бою айтпай жүрө бергендиктен, оору өлкөнүн бардык дубандарына жайылып кеткен деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости