www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн “Көзүр тузу” Абылгазиев рокировка болгон соң, ордуна Кубатбек Боронов келип жаңы өкмөт түздү. “Көзүр королдун” ролу азыркы өкмөттөгү жаңы адам Шаки “чү-чүлөп” айдап кирген Алмазбек Баатырбеков, ал бул кызматка келген күндөн баштап мамлекеттик массалык маалымат каражаттары башкалар тууралуу маалыматтарды азайтып, ага басым жасай башташты. Туурасын тапты, шайлоо алдында бул абдан керек. Эгер “Кыргызстан” шайлоодон өтпөсө, анда болгон жакшы кызматтарынан айрылат.

Арийне, спикер сыяктуу негизги кызматтар “Кыргызстан” фракциясынын кол алдында болсо, коронавируска байланыштуу "токочтуу" кызматтын бары "казан-аякты катуу калдыраткан" "көзүр даманы" алып келген “РАЖдын”  колунда болуп калды. Түз эле "көзүр маткенин" милдетин алып, өкмөттүн "казан-аягын калдырата" баштаган вице-премьер Аида Исмаилова, коронавируска шылтоолоп, кашыктап чогулган элдин мүлкүнө  чөмүчтөп кол сала баштады.

Көзүр балтасы ким, көзүр ону ким экени белгисиз вице-премьер Эркин Асрандиев башында катуу жигер менен иштеп келатты эле, Абылгазиевдин тилине кирип радиожыштыктар ишине аралашып калганы үчүн, канчалык кыйкырганы менен эл алдында баркы түшө баштады.

"Көзүр ондун" ролун аткарган Акрам Мадумаровго шайлагандар алданып калышканын эми түшүнө баштады. Чек ара үчүн эл алдына жооп бериш керек. Депутаттар алданганын түшүнгөнү менен, Мадумаров өзу түшүнгөн жок. Ал Чечме айылындагы булактын кимге тиешелүү экенин билбей, ал жер өзбектердин аймагы деп маек берип жиберди. Бул улуттук чоң кагылыштын башында турган булак кыргыздыкы деп картада турганын ал билбейби? ”Май кармаган бармагын жалайт" деп, булак кимдики болсо ошонуку болсун, Акрам мырзанын оюна койсо, шайлоо башталгыча туруп турганы жакшы эмеспи. Саясатчылар бири-бирин жактырбаганы менен, саясий этика үчүн мамилебиз жакшы дешип эле койгондой.

Эмнегедир азыркы болуп жаткан башаламандыкка Бороновду да күнөөлөгөндөр бар. Анткени, биз бардыгына премьер жооп берет деп көнүп алганбыз. Бүгүнкүдөй кымбатчылык кыртышын Абылгазиев түзүп кеткенин аңдай албай турабыз. Ага караганда Кубатбек Боронов тарабынан уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия чакыртылып алынганын айтканы кызуу колдоо менен кабылданган, Солтон–Сары алтын кенинде чырды басты, “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашууларга жетишкен. Бул кадамын биринчи орун басары Баатырбеков улап кете албай, уят кылууга чейин барышы мүмкүн.

Өкмөт  Крыловдун "Ак куу, жаян жана чаян" деген тамсилине айланып баратат. Мына коронавируска байланыштуу ундун баасы асмандап, "криешка" жегиси келген балдар нанга жетпей калды. Ал эми өкмөт өзгөрүп көзүр король, көзүр дама, көзүр балталар эмгиче бийлик, байлыкты бөлүштүрүп бүтө албай жатышат. Ал эмес удулу келип калса көзүр тузду "крит" кылышкандан кайра тартышпайт.

Өкмөткө кулак кагыш -1

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости