www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Невада штатынын бир жараны коронавирус менен катталып, айыккан соң кайрадан жугузуп алган. Адистер бул кишидеги биринчи жана экинчи вирустун генетикалык жактан бири-биринен айырмаланганын айтышты.
АКШ басма сөзүндө орун алган маалыматка ылайык, Гонконг, Голландия жана Бельгиядан соң алгачкы ирет АКШда бир киши экинчи жолу коронавируска кабылды. Невадада жашаган 25 жаштагы жаран, апрель айында коронавируска чалдыгып, айыккан соң 48 күндүн кийин кайрадан жугузуп алды. Алгачкы жолкусунда жеңил өткөн оору, кийинкисинде күчөгөн. Аталган маалыматта, бул абалдын дүйнө боюнча билинген алгачкы үлгүсү экендиги айтылган.
Невада университетиндеги адистер бул кишидеги биринчи жана экинчи вирустун генетикалык жактан бири-биринен айырмаланып турганын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg