www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров шайлоонун шарапатынан пайда болгон талаштуу жагдайлар тууралуу баарлаштык.

-Азимбек Анаркулович, партиялардын курултайына дделегаттардан башка БШКнын мүчөлөрү да катышат экен. Курултайда бекиген тизме БШКга өзгөрүп барса мыйзам бузулабы?

-Партиялардын курултайында бекитилген тизмени эч ким оңдоого укугу жок. Ошон үчүн партиялардын курултайына БШК мүчөлөрү катышып, тизме мыйзам чегинде бекигенине, курултай мыйзамдуу, демократиялык негизде өткөнүн тастыктайт. Эгерде курултайда бекитилген тизме, БШКга өзгөртүлүп барса, бул кылмыш, фальсификация жасагандык, өзүм билемдик болот.

-БШК аларга да чара көрсө эмне болот?

-Алар да соттошот да? Бийликтен, БШКдан мыйзамдуулукту талап кылып жатасыңбы, оболу мыйзамдуулукту сактоону өзүңдөн баштагын. Тилекке каршы көп партиялардын ээлери, өздөрү мыйзам менен шайлоого аттана алышпай, анан мыйзам негизинде аларга талап болсо, дароо беттен алып, саясат, тополоң кылганга, бет тырмачылыкка даяр. Өздөрүнүн оркойгон кемчилигин да, президентке шылтап саясат кылышат. Турсунбай ажы катышкан курултайдын чечими менен бекитилген тизмени «президент буз» - деп буздургансып. Турсунбай Бакир уулун жакшы билем, ал калп айтпайт.

-“Кыргызстан” партиясынын абалы эмне болот? БШК райондук соттун чечимине ыраазы болбой, жогорку инстанцияга кайрылаарын билдирди го? 

-Укуктук мамлекеттерде бардык талаш-тартыш маселелер сот аркылуу чечилет. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим болот. Ага баары баш ийиш керек. Албетте, соттун чечимине утулган тарап нааразы бойдон калат. БШК менен “Кыргызстан” партиясынын ортосундагы талаш укуктук мейкиндикте жүрүп жатат. Ошол эле учурда, бул талашка тиешеси жоктор эле, өтө активдүү «саясат» кылып жатканы, Кыргызстандын ЖКга болгон шайлоо процессинде Белоруссиядагыдай массалык тополоңго айлантабыз деген күчтөр бар экенин тастыктады. Алар батышчыл, Бишкектен башка региондордо аты-жыты жок, партиялар экени да билинип калды. Бийлик бул процесстерди анализдеп, катуу даярдык көрүшү керек.

-БШК тартипти, эрежени сактоо үчүн күрөшүп жатабы же "Кыргызстанды" шайлоого катыштырбай коюу саясаты үчүн күрөшүп жатабы?

-Айтпадымбы, БШК мыйзамда бекитилген эрежелерди сактоо, кармануу боюнча иш алып барды жана барууда. Ага “Кыргызстан” партиясы деле макул. Алардын ортосундагы талаш БШКнын  “Кыргызстан” партиясына берген «жазасында» болуп, шайлоодон четтетпей эскертүү менен чектелсе болмок,- деп жатышат.
Негизги кеп, маселе башкада. Жогоруда мен айткан саясат кылуучулар, тополоң кылуучулардын көптүгүндө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости