www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы Жогорку Кеңешке келе турган депутаттар реформа жасай албайт. Мындай пикирди депутат Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

"Жаңы келе турган депутаттар радикалдуу өзгөртүүлөрдү кыла албайт. 6-чакырылыштагыдай эле парламент болот. Жаштарга басым жасалып жатканы менен алар дароо иштеп кетпейт. Тажрыйба топтоп, кийинки чакырылышта өзгөртүү киргизиши мүмкүн", - деди Төрөбаев өз сөзүндө.

Эл өкүлү шайлоого аттанган жаштар тууралуу да сөз кылып, аларга кеңешин айтты.

-Ар кандай талаптарды коюп, кыйкырып жатышат. Анын ордуна эл аралап, жарандар менен иштешкиле, сүйлөшкүлө.

Эскерте кетсек, 2020-жылы парламенттик шайлоого катышууга 16 партия БШКга документ тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости