www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Клинтон округунун прокурору Дэйв Строус Пенсильвания штатындагы Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Northcentralpa.com маалымат порталы жазды.

Кыргызстандыкка полиция кызматкерлери бир нече жолу ок чыгарып, жыйынтыгында мекендеш көз жумган.

"Офицерлер ок чыгарган учурда өлүм коркунучунда турабыз деп ойлошкон", — деп жазылат чечимде.

Строус полиция кызматкерлери мыйзамдын алкагында иш кылган деген бүтүм чыгарган.

"Кыргызстан жаранынын өлүмү боюнча фактылар жана жагдайлар каралды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдын алкагында иш кылышкан жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт", — деп жазылат прокурордун чечиминде.

Буга чейин өлтүрүлгөн мекендештин тааныштары Нургазы үйдүн кичүүсү экенин, жаңы эле үйлөнгөнүн айтышкан.

Эске салсак, 2021-жылы 5-октябрда Пенсильвания штатындагы Клинтон округунда тартип сакчылар 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан. Мекендеш трак-компаниядагы ишинен айдалгандан кийин үч миң доллар айлыгын ала албаганына ызаланып жүк ташуучу унааны айдап кеткени, кийин полициянын автосун какканы боюнча маалыматтар тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости